Бишкек, 22.01.26. /Кабар/. Акыркы 5 жылда Кыргызстандын экономикасы үч эсеге өстү. Бул тууралуу Кыргызстандын Альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов “Кабар подкастта" билдирди.
Анын айтымында, өлкөдөгү мындай жетишкендиктер президенттин жоопкерчилигинин жана чечкиндүүлүгүнүн натыйжасы.
"Азыр Кыргызстанда жаңы доор, жаңы мезгил башталды деп айтсам адашпайм. Акыркы 5 жылдын ичинде экономикабыз үч эсеге өстү. Ак илбирс биздин улуттук символубуз болду. Чет элдик экономисттер экономикалык өсүштү ак илбирстин секириги деп айтып жатат. Бул Кыргызстандын эле эмес, жалпы Борбор Азиянын ийгилиги. Президенттин жоопкерчилиги жана чечкиндүүлүгү өлкөнү ийгиликке алып келүүдө. Буга чейин бюджеттик каражаттар айлык, пенсия бергенге эле жетчү. Азыр каражаттар өлкөнүн өнүгүшүнө да жумшалып жатат. Азыр чет мамлекетке барганда Кыргызстан жөнүндө айтып жатышат. Мурда башка өлкөлөрдүн өнүгүшүн карап суктанчу элек. Бизде 5 жылдын эки жылы, 2021-2022-жылдар саясатка эле кетти да. Мисалы, конституциялык реформа, чек ара маселеси чечүү боюнча иштерди айтсак болот. Акыркы үч жыл гана экономика менен алек болдук. Бирок, ага карабай көрсөткүчтөр өстү”, - деди ал.