Актаудагы авиакырсык боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы жакынкы күндөрү чыгат - Карабаев

Борбор Азия Загрузка... 04 Февраль 2025 20:00
WhatsApp Image 2025-02-04 at 13.54.45.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.02.25. /Кабар/. Актауда кыйраган AZAL учагы боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы жакынкы күндөрү чыгат. Бул тууралуу Казакстандын Транспорт министрлигинин башчысы Марат Карабаев “Казинформ” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда Азербайжан, Россия, Бразилия жана ИКАО`дон тартылган бир нече эл аралык адистер иш алып барышууда.

“Алдын ала маалымат жакынкы күндөрү билинет. Адистерге кырсыктын себептерин туура жана так аныктоо үчүн убакыт керек. Бул аябай түйшүктүү иш”,-деди ал.

Эске салсак, өткөн жылдын 25-декабрында Актау аэропортунан үч чакырым алыстыкта Azerbaijan Airlines (AZAL) Embraer учагы кыйраган. Бакудан Грозныйга учуп бараткан учак авариялык конууга аракет кылып жатып кулап түшкөн.

Учакта 67 адам, анын ичинде беш экипаж мүчөсү болгон. Кырсыктын кесепетинен 38 жүргүнчү каза болуп, 29 адам аман калган.