Аксыда малина, Ноокенде пахта: аймактарда айыл чарба өндүрүшү кеңейүүдө

Аймак 21 сентябрь 2026 16:10
WhatsApp Image 2026-09-21 at 09.47.3614.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-21 at 09.47.35.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-21 at 09.47.36.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-21 at 09.48.40.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-21 at 09.48.41.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-21 at 09.48.42.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-21 at 09.48.412.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-21 at 09.48.414.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 21.09.26. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рысгүл Акимжанова Аксы жана Ноокен райондорундагы айыл чарба ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ведомствонун маалыматына караганда, ал алгач Кербен шаарында соода-логистикалык борбордун ишин көрдү. Учурда борбордо жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн малинасы сакталууда. Борбор мөмө-жемиштердин дээрлик бардык түрүн сактоого ылайыкташкан.

Андан соң минитсрдин орун басары Ноокен районунда "Дыйкан Ордо" ЖЧКсынын алдында иштеген пахтаны кайра иштетүүчү заводдун ишмердүүлүгү менен таанышты. Ишкана жергиликтүү тургундардан пахта сырьёсун сатып алып, кайра иштетет жана даяр продукцияны чет өлкөлөргө экспорттойт.

Учурда заводдо жаңы түшүмдү кайра иштетүүгө даярдык жүрүүдө.

Айыл чарба продукциясын сактоо жана кайра иштетүүчү ишканалардын ишин кеңейтүү жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатып, продукцияны экспорттоого жана аймактарда жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө түзөт.