Бишкек, 25.12.25. /Кабар/. АКШда киши өлтүрүү көрсөткүчү 19 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү. Бул тууралуу Интерфакс Axios'ко шилтеме келтирип жазды.
Маалыматка караганда, АКШда киши өлтүрүү көрсөткүчү 2025-жылы бир топ төмөндөп, 2006-жылдан берки эң төмөнкү деңгээлге жеткен.
Кылмыш статистикасы боюнча эксперт Жефф Ашердин анализинде белгиленгендей, киши өлтүрүүлөрдүн азайышы COVID-19дан кийин зомбулук кылмыштарынын кеңири төмөндөшү менен байланыштуу. АКШда массалык атышуулар 2025-жылы азайып, 2006-жылдан берки эң төмөнкү деңгээлге жеткен.
570 укук коргоо органынын маалыматтарын чогулткан Кылмыш индекси быйыл киши өлтүрүүлөрдүн 2024-жылга салыштырмалуу дээрлик 20%га төмөндөгөнүн көрсөтүп турат.
"Нью-Йорк шаары жана Мемфисте киши өлтүрүүлөрдүн 2024-жылга салыштырмалуу дээрлик 20%га төмөндөшү байкалган. Ал эми Чикагодо дээрлик 28%га, Жаңы Орлеанда 7,5%га, Лос-Анжелес округунда киши өлтүрүү көрсөткүчү дээрлик 19%га төмөндөгөн", - деп буга чейин Пентагондун маалыматында айтылган.
12-августта Кылмыштуулукка каршы күрөшүү үчүн Вашингтонго Улуттук гвардиянын 800гө жакын аскери мобилизациялаган болчу.