АКШда Дональд Трамптын саясатына каршы массалык нааразычылык акциялары өтүүдө

Дүйнө Загрузка... 07 Апрель 2025 11:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 07.04.25. /Кабар/. АКШда либералдык демонстранттар президент Дональд Трамптын саясатына каршы нааразычылык акцияга чыгышты. Бул тууралуу ТАСС кабарлады.

Маалыматка караганда, бул Трамп бийликке келгенден берки АКШдагы эң ири улуттук нааразычылык акциясы.

Нааразычылык акциясы Трамптын импортко жогорку тарифтерди жарыялоосунан кийин башталып, АКШнын бир катар штаттарында өтүүдө. Жалпысынан “Колду тарт” деген ураандын алдында өткөн акцияга 600 миңдей адам катышууда.

Reuters агенттигинин маалыматына караганда, акциялар 150 түрдүү коомдук топтор, анын ичинде жарандык укуктар үчүн кыймылдар, эмгек бирикмелери, ЛГБТ топтору жана демократиялык шайлоо үчүн иштеген активисттер тарабынан уюштурулган.

"Митингге чыккандар Трампка 3 негизги талапты коюшту: "Миллиардерлер тарабынан бийликти басып алууну" , Социалдык программаларды жана Medicaid`ды федералдык каржылоону кыскартууну жана азчылыктарга кол салууну токтотуу", - деп айтылат маалыматта.

Трамп өзү митингдер боюнча азырынча комментарий бере элек. Президент болгону жеке социалдык тармагындагы баракчасында АКШ башка өлкөлөрдөн келген товарларга бажы төлөмдөрүн киргизгенден кийин оор күн келерин гана эскерткен.

"Бул экономикалык революция жана биз муну сөзсүз жеңебиз. Күтө тургула, бул оңой болбосо да, аягы жемишин берет", - деп жазган президент.