Ташкент, 28.03.25. /Кабар/. АКШнын Эмгек министрлиги Өзбекстандын пахта өнөр жайында ачык-айкындыкты жана жоопкерчиликти жогорулатуу долбооруна бөлүнгөн каражатты токтотту. Бул тууралуу министрликтин жетекчиси Лори Чавес-Деремер билдирди.
Анын айтымында, мындай чечим бюджеттик үнөмдөө жана чет элдик гранттарды кайра карап чыгуу саясатынын алкагында кабыл алынган. Натыйжада, жалпысынан 38 млн доллардан ашуун каражат кыскартылган. Каржылоодон ажыратылган долбоорлордун катарында Бразилия жана Колумбиядагы климаттык демилгелер, Индонезия жана Гватемаладагы жамааттык сүйлөшүүлөрдү өнүктүрүү, ошондой эле Конгодогу эмгек стандарттарын көзөмөлдөө программалары бар.
Өзбекстандагы долбоор 2022-жылы башталып, 2026-жылга чейин ишке ашырылышы керек болчу. Ал эмгек шарттарын жакшыртууга жана мажбурлап иштетүүгө каршы күрөшүүгө багытталган. Ага буга чейин 2 млн доллар бөлүнгөн, ал эми 2025-жылы дагы 1 млн доллар бөлүү пландалган эле.