Ак-Ордо конушунда жаңы мектеп ачылды

Коом 7 октябрь 2026 17:05
WhatsApp Image 2026-10-07 at 11.30.07.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-07 at 11.30.23.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-07 at 11.30.12.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-07 at 11.30.28.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-07 at 11.30.17.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 07.10.26 /Кабар/. Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушунун Теңир-Тоо көчөсүндө дагы бир жаңы мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирет.

Маалыматта белгиленгендей, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган үч кабаттуу мектептин жалпы аянты 3349 чарчы метрди түзөт. 750 орундуу мектепте эки нөөмөт менен 1500дөй баланын билим алуусуна мүмкүнчүлук түзүлгөн.

Ошондой эле мектепте химия жана физика лабораториялары, информатика жана эмгек кабинеттер, ашкана, китепкана, спорт залы жана окуучулар үчүн зарыл болгон башка шарттар каралган. Андан сырткары футбол, волейбол жана баскетбол үчүн спорттук аянтчалар да курулган. Мындан сырткары атайын күн панелдери да орнотулду.

Ошондой эле имаратта заманбап инженердик системалар колдонулуп, окуу класстары жаңы эмеректер, эргономикалык парталар жана отургучтар менен камсыздалган.