Бишкек, 26.11.25. /Кабар/. Бишкекте айына 100 миң чарчы метрден ашуун ковролин чыгарган ишкана ишке кирди. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Орион Грант” ЖЧКсынын өндүрүш аянтчасынын ачылышына агенттиктин директору Равшанбек Сабиров катышты. Компания “Бишкек” эркин экономикалык аймагында жайгашкан. Аянты дээрлик 4 миң чарчы метрди түзөт.
Ишканага Түркиядан алып келинген атайын жабдуулар орнотулду. Жалпы инвестициялардын көлөмү болжол менен 300 млн сомду түзөт, алардын ичинен 1 млн АКШ долларын Кыргыз–Азербайжан өнүктүрүү фонду каржылады.
Биринчи этапта Борбор Азия жана ЕАЭБ рынокторуна багытталган ковролиндин төрт түрү чыгарылууда. Ишкананын базасында 30 жумушчу орун түзүлдү.