Айылдарды өнүктүрүү: Баткенде "Менин айылым" долбоору уланат

Аймак 17 сентябрь 2026 12:55
813467171_1623685085791607_2381985516189513262_n.jpg
813837246_1623685169124932_7462104944580347021_n.jpg
813804645_1623685202458262_2105992953115139566_n.jpg
814034502_1623685209124928_6653120465952018146_n.jpg
813372147_1623685162458266_5199655524338740700_n.jpg
813872186_1623685092458273_5783623166872184308_n.jpg
Алдыга
Артка
813467171_1623685085791607_2381985516189513262_n.jpg
813837246_1623685169124932_7462104944580347021_n.jpg
813804645_1623685202458262_2105992953115139566_n.jpg
814034502_1623685209124928_6653120465952018146_n.jpg
813372147_1623685162458266_5199655524338740700_n.jpg
813872186_1623685092458273_5783623166872184308_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 17.09.26. /Кабар/. Баткенде айылдарды өнүктүрүүгө багытталган "Менин айылым" долбоору уланат.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, облус башчысынын биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев Түштүк Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) менен биргеликте ишке ашырылып жаткан "Кыргызстандагы “Менин айылым” долбоорун пост-долбоордук колдоо" долбоорунун эксперттери менен жолугушту.

Жолугушууда долбоордун жетекчиси Ли Мин Хо "Менин айылым" долбоору тууралуу маалымат берди.

Бюджети 670 миң АКШ долларын түзгөн долбоордун негизги максаты — айыл тургундарынын жашоо деңгээлин жогорулатуу, киреше алып келүүчү объекттерди калыбына келтирүү, ошондой эле жергиликтүү топтордун техникалык жана башкаруу мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүү.

Долбоор буга чейин ишке ашырылган "Менин айылым" долбоорунун уландысы болуп саналат. Ал Ош жана Баткен облустарындагы төрт айылга багытталган.

Анын алкагында Баткен облусунун Кадамжай районундагы Жал жана Чукур-Кыштак айылдарында тиешелүү иштер жүргүзүлөт.

Долбоордун негизги иш-чаралары төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • объекттерди оңдоо жана кайра ишке киргизүү;
  • жергиликтүү тургундарды окутуу;
  • продукциянын сапатын жана таңгагын жакшыртуу;
  • тиешелүү сертификаттарды алууга көмөк көрсөтүү;
  • продукцияны рынокко чыгарууга көмөктөшүү;
  • айылдык өнүгүү комитеттеринин ишин күчөтүү.