Бишкек, 03.02.25. /Кабар/. Өлкөдө айыл чарба техникалары жазгы талаа иштерине даяр. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө республика боюнча 90 миңден ашык айыл чарба техникасы бар. Анын ичинен:
- 22 149 трактор;
- 10 946 соко;
- 3 285 үрөн сепкич;
- 15 234 мала;
- 754 жер семирткич чачкыч;
- 1 362 арык казгыч;
- 2023 жер тегиздегич;
- 9256 трактор чиркегич.
Аймактарда жазгы айдап-себүү жумуштарына карата айыл чарба субъектери тарабынан айыл чарба техникаларын оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, техникалардын басымдуу бөлүгү сезондук жумуштарды аткарууга даяр.
Азыркы учурда айыл чарба техникаларынын даярдыгы 75% түздү. Республика боюнча талаачылык жумуштарына бардыгы болуп 22 149 трактордун ичинен 16 420 трактор, же жалпы тракторлордун санынын 74%, соконун 73%, үрөн сепкичтин 71%, маланын 74%, жер семирткич чачкычтардын 77%, арык казгычтардын 71%, жер тегиздегичтердин 77%, трактор чиркегичтеринин 81% даяр.
Талаачылык жумуштарын аткарууга жалпысынан 7 миңден ашык жер айдоочу жана 2,5 миңден ашык себүүчү агрегаттар өнөктүккө катышуусу күтүлүүдө.