Бишкек, 05.02.25. /Кабар/. Кыргызстанда 2024-жылдын аягына карата канча мал-жандык жана үй канаттуулары бар экендиги аныкталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2024-жылдын аягына карата республикада ири мүйүздүү малдын саны 1 млн 828 миң 527 башты түздү, бул 1,5% га көп, анын ичинде уйлардын саны 918 миң 638 башты түзүп, бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,8% га көбөйгөн.
Кой-эчкинин саны 6 млн 282 миң 810 башты түзүп, 1,1%га, ал эми жылкылардын саны 553 миң 531 башты түзүп, 2 %га көбөйгөн.
Үй канаттууларынын саны 7 млн 724 миң 314 башты түздү. Бул 2023-жылдын аягына салыштырмалуу 10,5 % га көп.