Аймактарга кадр тартуу: Нарын менен Кочкорго 40 кызматтык батир бөлүнөт

Президент 7 октябрь 2026 11:25
1052997855_0_229_2731_1765_1920x0_80_0_0_ef2296819e54c58bf71d85cd975c9ad6.jpg
838374313_28503979625910241_5888755267190262903_n (1).jpg
Алдыга
Артка
1052997855_0_229_2731_1765_1920x0_80_0_0_ef2296819e54c58bf71d85cd975c9ad6.jpg
838374313_28503979625910241_5888755267190262903_n (1).jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 07.10.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда Нарын облусуна болгон бир күндүк иш сапарынын алкагында Нарын шаарындагы жана Кочкор районундагы Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган көп кабаттуу үйлөрдүн ачылыш аземине катышты.

Президент өз сөзүндө аймакка кадр жетишсиздиги бар экени баарыбызга маалым экендигин белгиледи.

"Мындан улам, тажрыйбалуу медициналык жана башка кадрларды тартуу максатында Нарын шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине 20 батир, Кочкор районунун Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине дагы 20 кызматтык батирди бөлүүнү туура көрдүм. Бул батирлер керектүү кадрлардын аймакта туруктуу иштешине жана жергиликтүү тургундарга сапаттуу кызмат көрсөтүүгө шарт түзөт деп ишенем", - деди мамлекет башчысы.