Бишкек, 27.08.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы Кыргызстанда 28-августтан 3-сентябрга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, өлкөдөгү аба ырайынын температурасы өзгөрмөлүү болот.
Чүй жана Талас облустары
28-30-августта жана 31-августка караган түнү эки облуста жаан-чачын күтүлбөйт. 31-августта күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. 1-2-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт, 3-сентябрда айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 28-30-августта жана 31-августка караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. 31-августтан 2-сентябрга чейин күндүз тоолуу райондордо жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. 3-сентябрда айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Өрөөндөрдө негизинен жаан-чачын болбойт.

Ысык-Көл жана Нарын облустары
Ысык-Көл жана Нарын облустарында 28-августтан 3-сентябрга чейин аба ырайы туруксуз болот. Айрым күндөрү, өзгөчө күндүз, өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Түнкүсүн көпчүлүк күндөрү жаан-чачын болбойт. 30-августтан 1-сентябрга чейин айрым жерлерде өткүн өтүшү мүмкүн, ал эми 2-3-сентябрда кайрадан күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт.