Айдоочулук күбөлүк убадалап, алты жаранды алдаган шектүү кармалды

Укук тартиби Загрузка... 09 Март 2026 17:55
649274820_1222037360095710_1151205869741256329_n.jpg
copyright icon Бишкек ШИИБ

Бишкек, 09.03.26. /Кабар/. Айдоочулук күбөлүк алып берем деп алдап кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өткөн жылдын 25-декабрында Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө О.У. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда Көк-Жар жаңы конушунан өзүн А.К. деп тааныштырган адам айдоочулук күбөлүк алып берүүгө жардам көрсөтөм деген шылтоо менен ишенимге кирип, анын 120 миң сомун алып кеткенин билдирген.

Шектүү бүгүнкү күнгө чейин убадасын аткарбай, акчаны да кайтарып берген эмес. Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 28 жаштагы Б.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө учурунда анын ушул сыяктуу дагы алты кылмыш фактысына катыштыгы бар экени аныкталды. Учурда анын башка кылмыштарга тиешеси бар-жогун тактоо боюнча ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Милиция аталган жарандан жабыр тарткандар же кандайдыр бир маалыматы барлар болсо, төмөнкү номерлерге кайрылууну өтүнөт:

  • 0 (505) 91-91-49
  • 0 (703) 35-15-65
  • 102