Бишкек, 01.02.25. /Кабар/.
Өлкө аймагында кар жаап, аба ырайынын кескин өзгөрүп туруусу күтүлүүдө.
Буга байланыштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бийик тоолуу аймактарда, ашууларда айдоочулар эрежелерди так сактоосу керек экендигин эскертти.
- Жолдо кышкы дөңгөлөктөр менен гана жүрүү керек;
- Алдыдагы унаа менен болгон аралыкты 500 метрге чейин сактаңыз;
- Алыс жолго чыгарда дары-дармек, тамак-аш, суу, күрөкчө, дөңгөлөк чынжырчасын алууну унутпаңыз;
- Көрсөтүлгөн ылдамдыктан ашырбай айдаңыз;
- Эгерде жолдо унааңыз бузулуп, же жол эрежелерин бузуу фактыларына күбө болсоңуз 0777 102-102 ишеним номуруна кайрылсаңыз болот.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан белгилешкендей, учурда өлкө аймагында эл аралык жана ички жолдор ачык.
Унаа кыймылына чектөөлөр киргизиле турган болсо кошумча маалымат берилет.