Айдоочуларды даярдоо боюнча билим берүү стандарты коомдук талкууга коюлду

Билим Загрузка... 08 Декабрь 2025 12:07
575954404_2585287661869568_8039610223670842509_n.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 08.12.25. /Кабар/. “Айдоочуларды даярдоо боюнча башталгыч кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарын бекитүү жөнүндө” буйруктун долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоор Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына https://koomtalkuu.gov.kg/ru/view-npa/5515 жайгаштырылды.

Буйруктун долбоору “Билим берүү жөнүндө” мыйзамды, ошондой эле министрлер кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы “Министрлер кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун аткарууга багытталат.

Министрликтен белгилешкендей, долбоор айдоочуларды даярдоо боюнча билим берүү процессин бирдиктүү стандарттарга алып келүү жана окутуунун сапатын жогорулатуу максатын көздөйт.