Бишкек, 31.01.25./Кабар/. Агроөнөр жай элди баккан, өлкө экономикасын көтөрүүгө негиз болгон маанилүү тармак. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев А. Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрында өтүп жаткан “АгроДиалог 2025” агроөнөр жай форумунун жыйынтыктоочу бөлүгүндө билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө дыйкан-фермерлер асыл тукум мал өстүрүп, мол түшүм алуунун жолдорун өздөштүрүп сандан сапатка өтүү аракетин көрүүдө.
Ошондой эле Бакыт Төрөбаев өлкө жетекчилиги тарабынан кайра иштетүү өнөр жай секторуна жана экспортко өзгөчө көңүл буруп жатканын белгилеп, бул тармак өлкөнүн агроөнөр жай комплексинин артыкчылыктуу багыты болуп саналаарын билдирди.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматы боюнча 2024-жылдын жыйынтыгы менен кайра иштетүү өнөр жай ишканалары тарабынан 87 млрд 358 млн сомдук тамак-аш азыктары өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индекси же өсүү темпи 120,1 пайызды түздү. Анын ичинен өсүмдүк продукциясы - 10 млрд 128 млн сомго, мал чарба продукциясы – 28 млрд 572 млн сомго, кайра иштетүү өнөр жай продукциясы – 48 млрд 658 млн сомго өндүрүлдү.
Эскерте кетсек, 28-29-30-январь күндөрү К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде “Агродиалог-2025” форумунун иш күндөрү өтүп, анда өсүмдүк өстүрүү, мал чарба тармактары, кайра иштетүү жана экспорт тармактары боюнча тажрыйба алмашуулар болуп өттү.