Бишкек, 28.01.25. /Кабар/. Бишкекте өткөн «АгроДиалог 2025» агроөнөр жай форумунун алкагында айыл чарбасын өнүктүрүү максатында ишкер-дыйкандар менен кызматташуу боюнча бир катар меморандумдарга кол коюлду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады.
Маалыматта айтылгандай, мал чарбачылыгы боюнча 1 келишим, 2 макулдашуу жана 3 меморандумга кол коюлган.
Ал эми «АгроДиалог 2025» агроөнөр жай форумунун жыйынтыктоочу бөлүгүндө Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги мал чарбачылыгы боюнча чемпион аталган 16 фермерди жана өсүмдүк өстүрүү боюнча 16 дыйканды медал менен сыйлады.
Андан сырткары, айыл чарбасынын өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн 300дөн ашуун дыйкан-фермерлер министрлер кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйланды.
Негизинен «АгроДиалог 2025» агроөнөр жай форуму быйыл да эң жогорку деңгээлде өтүп, ага жалпысынан 2000дей киши катышып, мал чарбачылыгы боюнча 75 презинтация көрсөтүлүп, негизинен форум өз максатына жетти деп атасак болот. Ошондой эле форумда жалпы 340 кайрылуу түшүп, министрликтин тиешелүү адистери тарабынан жооптор берилген.
Белгилей кетсек, “Агро-Диалог 2025” Кыргызстандын айыл чарба тармагындагы атаандаштыкты жана экономикалык өнүгүүнү арттырууда маанилүү аянтча болуп эсептелет. Форум ишкерликти өнүктүрүүгө, экспортко жол ачууга, жаңы өнөктөштөрдү табууга мүмкүнчүлүк берет.
Маалымат үчүн: 28-29-30-январь күндөрү К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде “Агродиалог-2025” форумунун иш күндөрү өтүп, анда өсүмдүк өстүрүү, мал чарба тармактары, кайра иштетүү жана экспорт тармактары боюнча тажырыйба алмашуулар болуп өттү. Ал эми бүгүн, 31-январда “АгроДиалог 2025” агроөнөр жай форумунун жыйынтыктоочу бөлүгү А. Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрында өттү.