Нарын облусу Кытайга тоок жана мал этинен жасалган азыктарды экспорттой баштайт

Министрлер кабинети Загрузка... 17 Апрель 2025 09:53
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 17.04.25./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында тоок этин кайра иштетүүгө багытталган заводдун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. 

Маалым болгондой, завод ишке берилсе тоок этинен жана мал этинен жасалган продукциялар чыгарылат жана ал Кытайга экспорттолот. 

Бул долбоордун максаты Кыргызстандын экспорттук потенциалын көтөрүү, жаңы жумуш орундарын түзүү, ата-мекендик ишкерлерди колдоо, кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү, Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда соода-экономикалык кызматташтыкты дагы бекемдөө. 

Анда минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев 2025-жылы республика боюнча 128 кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары ишке берилээрин айтып, алардын курулушу дайыма көзөмөлдө болоорун жана мамлекетке инвестиция салам деген ишкерлерге ар тааптуу колдоо көрсөтүлөрүн билдирди. 

Эл аралык сапат стандарттарына жана тамак-аш коопсуздугуна жооп берген бул заводдун ишке берилиши жакын арада күтүлүүдө.