Бишкек, 27.01.25. /Мээрим Дүйшөналиева — Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясында гендердик балансты сактоо керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мэриянын коллегиясында билдирди.
Анын айтымында, муниципалдык кызматкерлердин арасында эркектерге тең тайлаша эле аялдар да иштеши зарыл.
"Мен жыйындарга катышканда гендердик баланска көп маани берилбей тургандыгын байкап жатам. Азыр бул жерде да отургандардын көпчүлүк бөлүгү эркектер экен, аялдар да бар, бирок аз. Ошондуктан мырзалар таарынбаңыздар, биздин эже-карындаштар да иштеши керек", - деди ал.