Бишкек, 04.02.25. /Кабар/. Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустиндин телефон аркылуу сүйлөштүю
Министрлер кабинетинен билдиришкендей, анда эки тараптуу кызматташуунун күн тартибиндеги негизги маселелери талкууланды. Тараптар 2025-жылдын 31-январында Казакстандын Алматы шаарында өткөрүлгөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында жетишилген эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташуусун кеңейтүүгө багытталган макулдашууларды ишке ашырууга жана өнүктүрүүгө көңүл бурушту.
Адылбек Касымалиев менен Михаил Мишустин Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө практикалык кызматташууну бекемдөөгө эки тараптын тең кызыкдар экенин баса белгилешти.