Адылбек Касымалиев Эл аралык жарандык авиация уюмунун аймактык директору менен жолукту

Министрлер кабинети Загрузка... 29 Январь 2025
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 29.01.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ЭЖАУ) аймактык директору Николас Ралло менен жолукту.  

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жолугушууда тараптар Кыргызстан менен ЭЖАУнун ортосундагы авиация тармагындагы кызматташуу маселелерин сүйлөшүштү.

Анда минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын авиация тармагындагы иш-аракеттерин ЭЖАУ ар тараптуу колдоп келгендиги үчүн ыраазычылык билдирип, бул багытта 2023-2024-жылдардагы ЭЖАУнун аудитинин жыйынтыгында Кыргызстандын авиациялык системасы эл аралык стандарттарга ылайык келери боюнча тастыкталганын кошумчалады.  

“Биз авиация тармагын Кыргызстанды дүйнөлүк экономикага интеграциялоонун негизги куралы катары карайбыз жана амбициялуу долбоорлорду ишке ашырууга даярбыз, маселен “Асман эйрлайнс” аркылуу эл аралык авиация рыногуна чыгууга умтулабыз. Жакынкы келечекте биз авиация тармагынын кадрдык потенциалын бекемдөөнү, Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекетик агенттигин керектүү финансылык каражаттар менен камсыздоону жана инспекторлордун квалификациясын жогорулатууну улантууну көздөп жатабыз. Бул иш-аракеттер тармакты туруктуу өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын эл аралык авиациялык аренадагы позициясын бекемдөөгө өбөлгө түзөт”, – деди минкаб төрагасы.  

 Эл аралык жарандык авиация уюмунун аймактык директору Николас Ралло, Кыргызстан акыркы жылдары экономикалык жактан өнүгүү жолуна түшкөнүн айтып, ал эми ЭЖАУ Кыргызстан менен болгон кызматташууну дагы бекемдөөгө жана авиа тармагында ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирип, Кыргызстандын Жарандык авиация мамлекетик агенттиги менен жакын арада авиация тармагында кызматташуу боюнча бир катар документтерге кол коюу пландалып жатканын кошумчалады.  

Белгилей кетсек, Эл аралык жарандык авиация уюму БУУнун адистештирилген мекемеси, ЭЖАУ – жарандык авиациянын эл аралык стандарттарын аныктайт, коопсуздукту жана эффективдүүлүктү жогорулатуу максатында аны өнүктүрүүнү координациялайт. Дүйнөнүн 56 мамлекети мүчө болгон ЭЖАУга Кыргызстан да кирген.