Адылбек Касымалиев Чүйдөгү соцобъекттердин абалы менен таанышты

Министрлер кабинети 29 сентябрь 2026 14:40
6abb6ec810bb6 (1).jpg
6abb6ecc95843.jpg
6abb6ecc83ef4.jpg
6abb6ecbf26e8.jpg
6abb6ecc028bd.jpg
6abb6ecb704ac.jpg
6abb6ecb6e763.jpg
6abb6ecb13b4b.jpg
6abb6ecb0dfb5.jpg
6abb6ecac1351.jpg
6abb6ec9c4e88.jpg
6abb6ec98ea2d.jpg
6abb6ec97b5bf.jpg
6abb6ec8bc9a6.jpg
6abb6ec818d7c.jpg
6abb6ec810bb6.jpg
Алдыга
Артка
6abb6ec810bb6 (1).jpg
6abb6ecc95843.jpg
6abb6ecc83ef4.jpg
6abb6ecbf26e8.jpg
6abb6ecc028bd.jpg
6abb6ecb704ac.jpg
6abb6ecb6e763.jpg
6abb6ecb13b4b.jpg
6abb6ecb0dfb5.jpg
6abb6ecac1351.jpg
6abb6ec9c4e88.jpg
6abb6ec98ea2d.jpg
6abb6ec97b5bf.jpg
6abb6ec8bc9a6.jpg
6abb6ec818d7c.jpg
6abb6ec810bb6.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 29.09.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев жана парламент депутаттары менен биргеликте Чүй облусунун Москва районунда бир катар саламаттык сактоо жана билим берүү мекемелеринин абалы менен таанышты.

Атап айтканда, алар Беловодское айылындагы Москва районунун Жалпы медициналык практика борборуна барып, имараттардын абалын, ошондой эле мекеменин инфраструктурасы менен жабдууларын карап чыгышты.

Борбордун негизги имараты 1970-жылы курулган. Анын стационардык бөлүмү 171 орунга ылайыкталган. Борбор 8 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун жана 19 медициналык-акушердик пунктту жетектейт.

Жеринде таанышуу учурунда негизги маселелер аныкталды. Атап айтканда, 100 орундуу жаңы оорукана имаратын куруу зарылчылыгы бар. Министрлер кабинетинин төрагасы республика боюнча 42 оорукана үчүн жаңы имараттар куруларын белгиледи.

Адылбек Касымалиев Чүй облусунун бардык райондорунда ооруканалардын жаңы имараттарын куруу пландалып жатканын, тактап айтканда, Москва районунда 100 орундуу жаңы оорукана имараты куруларын белгиледи. Жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.

Андан соң министрлер кабинетинин төрагасы, Жогорку Кеңештин төрагасы жана парламент депутаттары Москва районундагы К. Сыданов атындагы жалпы билим берүүчү мектептин абалы менен таанышышты.

Мектептин негизги имараты 1970-жылы курулуп, 220 окуучуга ылайыкталган, учурда 590 бала билим алат.

Башталгыч мектептин имараты 1969-жылы 200 орунга ылайыкталып курулган, бирок учурда анда 460 окуучу билим алат. Имарат стандарттуу эмес долбоор менен курулган жана мурда бала бакча катары колдонулган. Мектепте окуу класстары жетишсиз, ошондой эле спорт залы, жыйындар залы жана китепканасы жок. Окуучулардын саны имараттын долбоордук сыйымдуулугунан кыйла ашып кеткендиктен, жаңы мектеп куруу зарылчылыгы келип чыгууда.

Таанышуунун жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү органдарга  жаңы мектеп куруу маселесинин үстүнөн иштөө тапшырылды.