Ачык акционердик коомдун аты өзгөрдү. "Манас" эл аралык аэропортунун аты мурдагыдай эле калды

Коом Загрузка... 27 Январь 2025
358681.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 27.01.25. /Кабар/. Бүгүнтөн тарта "Манас" эл аралык аэропорту ачык акционердик коомунун аталышы "Кыргызстан аэропорттору" ААК деп расмий түрдө өзгөрдү. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Манас Самидинов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Ал белгилегендей, бул аталыш ачык акционердик коомго гана тиешелүү. Анткени буга өлкө аймагындагы бардык аэропорттор карайт.

Ал эми Чүй облусунда жайгашкан башкы аба майдан "Манас" эл аралык аэропорту деп атала берет.

"Кыргызстан аэропорттору" ААК деп өзгөртүү өлкөнүн бардык аэропортторун бир бренддин алдына бириктирүү, өнүктүрүү боюнча мекемебиздин стратегиялык багытын чагылдырат", - деди Манас Самидинов.