Ташкент, 01.04.25. /Кабар/. Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Өзбекстандын ипотекалык тармагын колдоо үчүн 30 млн доллар насыя бөлдү, деп билдирди банктын Ташкенттеги өкүлчүлүгү.
Бул каражат турак жай насыяларын берүү жана үйлөрдү экологиялык жактан жакшыртуу үчүн жумшалат. Максат – жарандардын жашоо шартын жакшыртуу жана үйлөрдүн энергияны үнөмдөө мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу.
АӨБдүн Өзбекстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Канокпан Лао-Арайанын айтымында, бул долбоор банк тарабынан өлкөнүн Ипотекалык кайра каржылоо компаниясына (ИККК) берилген биринчи жеке каржылык операция болуп, анын мамлекеттик каржылоодон базардык механизмдерге өтүшүнө өбөлгө түзөт.
"АӨБ ипотекалык насыялардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө умтулууда, айрыкча жаштар менен аялдарга өзгөчө көңүл бурулат", — деди ал.
Өзбекстанда ипотекалык насыя алуу мүмкүнчүлүгү чектелүү бойдон калууда. Атап айтканда, 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында кыймылсыз мүлк боюнча бүтүмдөрдүн болгону 21% ипотека аркылуу каржыланган. Буга негизги себептер – жогорку пайыздык чендер, узак мөөнөттүү каржылоонун жетишсиздиги жана ылайыкташтырылган насыя продуктуларынын жоктугу.
Долбоор жаштар менен аялдарды колдоого багытталган, анын ичинде каржылык сабаттуулук боюнча окутуу программалары каралган. Мындан тышкары, курулуш тармагындагы жумуш орундарынын көбөйүшү жана энергияны үнөмдөөчү турак жайлардын эсебинен энергия керектөөнүн кыскарышы күтүлүүдө.
2025-жылы АӨБ менен Өзбекстандын кызматташтыгына 30 жыл толот. 1995-жылдан бери банк өлкөгө $14,3 млрд насыя, грант жана техникалык жардам түрүндө бөлгөн