Бишкек, 09.10.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 9-октябрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, бүгүн күндүз өлкөнүн айрым жерлеринде жана тоолуу аймактарында жамгыр, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.
Абанын температурасы Чүй облусунда +17...+22, Ош, Жалал-Абад облустарында +20...+25, Баткен облусунда +19...+24, Талас, Нарын облустарында +15...+20, Ысык-Көл облусунда +14...+19 гардус болушу күтүлөт.
Бишкек шаарында абанын температурасы +19...+21 градуска жетет.