Бишкек, 08.10.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 8-октябрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, бүгүн өлкөнүн тоолуу райондорун ала булут каптайт.
Абанын температурасы Чүй облусунда +16…+21, Талас облусунда +14…+19, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +19…+24, Ысык-Көл облусунда +13…+18, Нарын облусунда +12…+17 градус болот.
Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +18…+20 градуска жетет.