7-мартка карата күтүлгөн аба ырайы

Коом Загрузка... 07 Март 2025 09:40
58dcc745a8908-151936_1200-1024x576.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 07.03.25. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы 7-мартка карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын каттуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.

Абанын температурасы Чүй облусунда +4...+9, Талас облусунда +3...+8, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +6...+11, Ысык-Көл облусунда+2...+7, Нарын облусунда 0...+5 градус болот.

Ал эми абанын температурасы Бишкек шаарында +6…+8 градус болушу күтүлөт.