6-февралга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом Загрузка... 06 Февраль 2025 09:50
dd4831ab-48fe-4949-9737-72ea68c421a4.jpg
copyright icon Кабар Исхак Туратбеков

Бишкек, 06.02.25. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы 6-февралда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл облустарында -1...+4, Талас облусунда +2...+7, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +5...+10, Нарын облусунда -1...-6 градус болушу күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +2...+4 градус болот.