5-сентябрга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 5 сентябрь 2026 09:00
5-сентябрга карата күтүлгөн аба ырайы
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 05.09.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 5-сентябрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн өлкөнүн айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаап, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +23…+28, Талас облусунда +21…+26, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +25…+30, Ысык-Көл облусунда +17…+22, Нарын облусунда +18…+23 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +25…+27 градуска жетет.