Бишкек, 30.09.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 30-сентябрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, бүгүн республиканын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +23...+28, Талас облусунда +21...+26, Ысык-Көл, Нарын облустарында +20...+25 градуска жетет.
Ал эми Бишкек шаарында +26...+28 градус болот.