30-августка карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 30 август 2026 10:00
30-августка карата күтүлгөн аба ырайы
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 30.08.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 30-августка карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +32...+37, Талас облусунда +28...+33, Ысык-Көл облусунда +24...+29, Нарын облусунда +25...+30 градуска көтөрүлөт.

Бишкек шаарында абанын табы +33...+35 градус болот.