28-августка карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 28 август 2026 08:30
28-августка карата күтүлгөн аба ырайы
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 28.08.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 28-августка карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн күнү күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +31...36, Талас облусунда +29...+34, Ысык-Көл облусунда +23...+28, Нарын облусунда +25...+30 градус болот.

Бишкек шаарында абанын температурасы +33...+35 радуска жетет.