Күн ачык болот: 27-августка карата аба ырайы

Коом 27 август 2026 08:25
Күн ачык болот: 27-августка карата аба ырайы
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 27.08.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 27-августка карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +32…+37, Чүй облусунда +30…+35, Талас облусунда +28…+33, Ысык-Көл облусунда +20…+25, Нарын облусунда +23…+28 градус болушу күтүлөт.

Ал эми борбор калаада абанын табы 32…34 градуска көтөрүлөт.