26-августка карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 26 Август 2026 08:20
731479668_3892507664225737_2828873619349082920_n (1).jpg
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 26.08.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 26-августка карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн өлкөнүн айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +28...+30, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында +31...+36, Талас облусунда +25...+30, Ысык-Көл облусунда +18...+23, Нарын облусунда+22...+27 градуска жетет.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +29...+31 градуска көтөрүлөт.