25-августка карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 25 август 2026 08:25
25-августка карата күтүлгөн аба ырайы
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 25.08.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 25-августка карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн өлкөнүн тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +26...+31, Ош, Жалал-Абад Баткен облустарында +30...+35, Талас облусунда +25...+30, Ысык-Көл облусунда +16...+21, Нарын облусунда +23...+28 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +28...+30 градуска жетет.