Бишкек, 24.02.25. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы 24-февралга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, бүгүн Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалала-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Тоо этектеринде жана тоолуу жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден, Чүй облусунун чыгыш тарабында 14 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй, Талас, Баткен облустарында +15…+20, Ош, Жалал-Абад облустарында +16…+21, Ысык-Көл облусунда +6…+11, Нарын облусунда +3…+8 градус болот.
Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +18…+20 градусту көрсөтөт.