Бишкек, 22.09.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 22-сентябрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, бүгүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы Чүй облусунда +27...+32, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28...+33, Талас облусунда +24...+29, Ысык-Көл облусунда +22...+27, Нарын облусунда+21...+26 градуска жетет.
Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +28...+30 градус болот.