Күн ачык болот: 22-октябрга карата аба ырайы

Коом
Күн ачык болот: 22-октябрга карата аба ырайы
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 22.10.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 22-октябрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн өлкө аймагында жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында +12…+17, Талас облусунда +13…+18, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +18…+23 градус болушу күтүлөт.

Бишкек шаарында абанын температурасы +14…+16 градуска жетет.