Бишкек, 22.11.25. /Кабар/. Бүгүн, 22-ноябрда өлкө аймагында күн ачык болот.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +11... +16, Талас жергесинде +11... +16, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +13... +18, Ысык-Көлдө +5... +10, Нарында +5... +10 градус болот.
Бишкек шаарында абанын табы +14... +16 градусту түзөт.