21-сентябрга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 21 сентябрь 2026 10:50
21-сентябрга карата күтүлгөн аба ырайы
copyright icon Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 21.09.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 21-сентябрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Бүгүн өлкөнүн тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ал эми дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология кызматы билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Жалпысынан алганда абанын температурасы Чүй облусунда +25...+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28...+33, Талас облусунда +24...+29, Ысык-Көл облусунда +23...+28, Нарын облусунда +21...+26 градуска жетет.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы+26...+28 градус болот.