21-октябрга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом
21-октябрга карата күтүлгөн аба ырайы
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 21.10.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 21-октябрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн өлкөнүн айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +12...+17, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +18...+23, Ысык-Көл облусунда +12...+17, Нарын облусунда +11...+16, градус болушу күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +15...+17 градусту көрсөтөт.