Бишкек, 21.02.25. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы 21-февралга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, бүгүн Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Тоо этектеринде жана тоолуу жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй облусунда +10...+15, Талас облусунда +11...+13, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +11...+16, Ысык-Көл облусунда +2...+7, Нарын облусунда +1...+6 градус болот.
Бишкек шаарында абанын температурасы +12…+14 градусту көрсөтөт.