Бишкек, 05.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-октябрда, ”Бишкек Арена“ стадионунун салтанаттуу ачылышына катышып, сөз сүйлөдү.
Мамлекет башчысы бүгүн президенттин командасы бийликке келген күндөн бери туура алты жыл өткөнүн белгиледи. Бул жылдар аралыгында өлкөдөгү кырдаалды турукташтырууга, экономикалык чөйрөдөгү иштерди жолго коюуга, ошондой эле мамлекеттин ички жана тышкы саясатын иретке келтирүүгө жетишилгенин айтты.
"6 жылдын ичинде 1 075 ушундай имараттарды, объекттерди курган болсок, ошонун бири мына бүгүнкү ушу ”Бишкек Арена“ стадиону. 1075 имараттын ичинде бул мектептер, бала бакчалар, ооруканалар, маданият имараттары жана башкалар бар. Андан сырткары 521 завод-фабрикаларды куруптурбуз”, - деди Садыр Жапаров.
Сөзүнүн соңунда президент мамлекет алдына 2027-жылы 111 мектеп куруу жана 44 райондук оорукана бөлүмдөрүнүн курулушун аяктоо максаты коюлганын белгиледи. 2028-жылдан тартып мектептердин жана башка социалдык объектилердин жетишсиздиги көйгөй болбошу керек.