Бишкек, 11.02.26. /Кабар/. 2026-жылга агроөнөр жай комплексине 40 млрд сомдон ашык каражат каралды. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ал белгилегендей, 2026-жылдын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жана сапаттуу өткөрүү, фермерлерди колдоо максатында министрлер кабинети тарабынан мамлекеттик долбоорлор жана мамлекеттик инвестициялык программалар ишке ашырылып жатат.
“2026-жылга республикалык бюджеттен 6 млрд сом, атайын эсептен – 1,5 млрд сом, мамлекеттик инвестиция долбоорунан – 11 млрд сом, капиталдык салымдардан – 14,3 млрд сом, 7 мамлекеттик колдоо долбоорлорунан – 9,3 млрд сом каралды”, - деди министр.