2025-жылы милиция 120дан ашык массалык иш-чараларда коомдук тартипти камсыздады

Коом 23 Январь 2026 12:14
WhatsApp Image 2026-01-23 at 08.35.59.jpeg
WhatsApp Image 2025-12-29 at 07.06.30 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-01-23 at 08.35.59.jpeg
WhatsApp Image 2025-12-29 at 07.06.30 (1).jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 23.01.26. /Кабар/. Ички иштер органдары эл аралык, мамлекеттик жана расмий маанидеги 120дан ашуун массалык иш-чараларда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздады. Бул тууралуу ИИМде 2025-жылдагы ишмердүүлүктүн жыйынтыгы боюнча коллегиялык отурумда айтылды.

Ведомствонун маалыматында белгиленгендей, жыйында ички иштер министри Улан Ниязбеков 2025-жылы жүргүзүлгөн иштердин негизги жыйынтыктарына токтолуп, ички иштер органдары коопсуздукту камсыздоодо жаңы ыкмаларды жана санариптик чечимдерди кеңири колдонууга өткөнүн белгиледи.

Кошумчалай кетсек, ички иштер органдарынын 2025-жыл ичинде аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган отурумга министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, ИИМдин жетекчилик курамы, ички иштер органдарынын башчылары катышууда.