2024-жылы Нарын облусунун аймагында 90 чакан ишкана ачылган

Загрузка... 02 Февраль 2025 18:55
475795336_1376928457051914_2892736732114315016_n.jpg
copyright icon Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 02.02.25. /Кабар/. 2024-жылы Нарын облусунда өндүрүш, кайра иштетүү, тейлөө багыттында 90 чакан ишкана ачылган.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, анын негизинде 1237 жаңы жумушчу оруну түзүлгөн. Бул 2023-жылга  салыштырмалуу 22 ишканага жана 70 жумуш ордуна көп.

Анын ичинде Ат-Башы эл аралык логистикалык борборундагы "Нарын мото" заводу ишке кирип, алгачкы продукцияларын өндүрүп жатат. Ошондой эле курулуш тетиктерин, темир-бетон, нан чыгаруучу, эт жана сүттү кайра иштетүүчү ишканалар ачылды.