Бишкек, 04.02.25. /Кабар/. 2024-жылы Кыргызстан санариптештирүүдө рекорддук көрсөткүчтөргө жетти. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ведомствонун маалыматы боюнча, жарандардын санариптик сервистерге ишеними артууда. Өткөн жылы төмөнкүдөй көрсөткүчтөргө жетишилди:
Электрондук кызматтар:
- “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасындагы транзакциялар - 194,3 млн;
- "Түндүк" электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу колдонуучулар алган кызматтар - 19,4 млн;
- Tunduk мобилдик тиркемесин жүктөөлөрдүн саны - 1,2 млн.
Электрондук кол тамга:
- 2,2 млн булуттук кол тамга берилди, анын 1,6 миллиону аралыктан берилди;
Байланыш жана интернет:
- 2 232 калктуу конуштар уюлдук байланыш менен камтылды;
- 3 882 социалдык объект (мектеп, оорукана жана мамлекеттик мекемелер) интернетке кошулду;
- 3 500 км жаңы линиялар тартылды. Магистралдык линиялардын өткөрүү жөндөмдүүлүгү - 400 Гбит/сек.
Электрондук документтер:
- Инфодокс СЭД боюнча катталган документтер - 21,7 млн документ – үнөмдөлгөн кагаздын көлөмү 87 миң таңгак;
- кагаз түрүндө документ алмашуудан 39 млн сом үнөмдөлдү.
"Санариптик өнүктүрүү министрилиги санариптик инфраструктураны өнүктүрүү жана электрондук кыызматтарга болгон жеткиликтүүлүктү жогорулатуу иштерин улантып жатат", - деп белгилешти министрликтен.