2024-жылы Бишкек шаарынын кирешелери 36,8 млрд сомду түздү

Экономика Загрузка... 27 Январь 2025
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Кабар Мээрим Дүйшөналиева

Бишкек, 27.01.25. /Мээрим Дүйшөналиева — Кабар/. Бишкек шаарынын 2024-жылдын январь-декабрда түшкөн кирешелери 36,8 млрд сомду түздү. Бул тууралуу шаар мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков мэриянын коллегиясында билдирди.

Анын айтымында, кирешелердин көлөмү 2023-жылга салыштырмалуу 14,9 млрд сомго көбөйүп, өсүү темпи 168,4%ды көрсөттү.

"Салыктык кирешелер 16,6 млрд сомду түздү. Бул 2023-жылга салыштырганда 3,5 млрд сомго көбөйдү, өсүү темпи 127,5 пайызды түздү. Ал эми салыктык эмес кирешелер 8,2 млрд сомго жетти. Бул мурдагы жылга салыштырганда 6,6 млрд сомго көбөйдү", - деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн борбор калаада Бишкек шаарынын мэриясынын коллегиясы өтүп жатат.

Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, мэр Айбек Жунушалиев, мэрдин орун басарлары, акимдер, башкармалыктардын жана муниципалдык ишканалардын жетекчилери катышууда.