2024-жылы бажы төлөмдөрүнүн планы 2,1 млрд сомго ашык аткарылды

Экономика Загрузка... 24 Январь 2025
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon www

Бишкек, 24.01.25. /Кабар/. 2024-жылы бажы төлөмдөрү боюнча план 2,1 млрд сомго ашык аткарылды.

Бажы кызматынан билдиришкендей, өткөн жылы чогултулган бажы төлөмдөрүнүн жалпы көлөмү болжолдонгон 121 млрд сомдон ашып, 123 млрд 85,6 млн сомго жеткен.

Бул белгиленген пландан 2 млрд 85,6 млн сомго көп болуп, болжолдук көрсөткүчтүн 101,7%ын түздү.

Белгилей кетсек, 2023-жылы түшкөн төлөмдөр менен салыштырганда кирешелер 11 млрд 583,8 млн сомго көбөйүп, өсүү темпи 110,4%ды түздү.

Мындай натыйжаларга жетишүү төмөнкүдөй ырааттуу жана масштабдуу иштердин аркасында мүмкүн болду:

• бизнес процесстерин оптималдаштыруу жана жөнөкөйлөштүрүү;
• өткөрүү пункттарында өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;
• заманбап санариптик технологияларды киргизүү;
• контрабандага каршы күрөштү күчөтүү.

"Бул чаралар финансылык максаттарга жетүү үчүн гана эмес, ошондой эле тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары үчүн шарттарды жакшыртууга мүмкүндүк берди",-деп айтылат маалыматта.